Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтөт

Кыргызстанда КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны 13-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Саммитке президенттер катышып, ага Садыр Жапаров төрагалык кылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version