Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда кой-эчкилердин саны азаюуда

1-февралга карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 31,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 774 тоннага, же 2,6 пайызга көбүрөөк. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби кой, эчки жана үй канаттууларынан тышкары малдын санынын өсүшү менен байланыштуу.

“2021-жылдын аягына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 34,6 миң башка көбөйүп, 1750,3 миң башты, жылкынын саны 7,7 миң башка көбөйүп, 547,3 миң башты түздү, ал эми кой жана эчкинин саны 865 башка азайып, 6277,8 башты, үй канаттууларынын саны 146,4 миң башка азайып, 5923,9 башты түздү”,- деп айтылат Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январында Баткен облусунан тышкары республиканын бардык аймактарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн. Баткенде эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 99,9 пайызды түзгөн.

Exit mobile version