Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда кой жүнү кандай жер семирткич болорун билүү үчүн сыноо өткөрүлөт

Кыргызстанда кой жүнү кандай жер семирткич болорун билүү үчүн сыноо өткөрүлөт.  Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минитсрлиги билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Кыргызстандагы жеке компаниянын кампасынан Монголияга 13,2 тонна кой жүнү жөнөтүлүп, ал 11,2 тонна гранула болуп иштетилген.

Эми гранула болгон жүндү жер семирткич катары колдонуп, сынап көрүү пландалууда. Сыноодо бир нече көрсөткүч каралат: түшүмдүүлүк, түшүмдүн сапаты, топурактын абалы, өсүмдүктөрдүн өсүп-өрчүшү, топурактагы азык заттардын деңгээли, нымдын сакталышы ж.б.

Сыноонун жыйынтыгы менен илимий негиздеги корутунду чыгарылат.

Exit mobile version