Кыргызстанда колбаса азыктарын өндүрүү артты. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр өлкөдө 15 миң 275 тонна колбаса өнүмдөрү чыгарылган. Ал 2022-жылга караганда 48,4%га көп. Ал жылы Кыргызстанда 10 миң 290 тонна колбаса азыктары өндүрүлгөн.