Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирус дагы 4 адамдын өмүрүн алды

Соңку суткада коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алып, бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1126га жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондор Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунда жана Бишкек шаарында даарыланып жатышкан.

Ал эми бир суткада 582 киши коронавирус жуктуруп алса, 324 бейтап илдетти жеңип чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 54 миң 588 болду. Ал эми 47 миң 050 адам айыгып чыккан.

Exit mobile version