Кыргызстанда коронавирус менен жалпы 536 кош бойлуу айым ооруп, анын 16сы көз жумган

Кыргызстанда коронавирус менен жалпы 536 кош бойлуу айым ооруп, анын 16сы көз жумган

Коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдардын арасынан, жеңил даражадагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар №2 төрөт үйүндө дарыланышты. Учурда, вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу, жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда брифингде профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеров билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин, 536 кош бойлуу аял дарыланып чыккан. Тилекке каршы, 16 өлүм учуру катталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында, бул учурлар оор даражада болуп, дарыланууга карабастан каза болушкан. Ошондой эле, учурда кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>