Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 14 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
“Айыккандардын ичинен бешөө Бишкектен, бешөө Жалал-Абад облусунан, үч бейтап Нарындан, бир бейтап Ысык-Көл облусунан айыгып чыкты”, – деди Үсөнбаев.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 614 болду. Аыйккандардын 154 ү медицина кызматкерлери.