Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 14 бейтап айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 14 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 “Айыккандардын ичинен бешөө Бишкектен, бешөө Жалал-Абад облусунан, үч бейтап Нарындан, бир бейтап Ысык-Көл облусунан айыгып чыкты”, – деди Үсөнбаев.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 614 болду. Аыйккандардын 154 ү медицина кызматкерлери.

Exit mobile version