Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 42 бейтап айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 42 бейтап айыкты. Бул тууралуу 1-майда брифинг учурунда  коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Айыккандардын ичинен сезигизи Бишкектен, ону Ош шаарынан, тогузу Ош облусунан, үчөө Жалал-Абад облусунан, 11 бейтап Нарындан, бир бейтап Ысык-Көл облусунан айыгып чыкты”, – деди Акматова.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 504 болду.

Exit mobile version