Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын 54ү айыкты

Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды. Алар коронавирустан айыккандар. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бейтапканадан чыгарылгандар Ош облусу — 5, Жалал-Абад ш. – 5. Бардыгы болуп ушул учурга чейин 54 бейтап айыгып чыкты.

Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам. Ал эми илдетти жуктургандардын жалпы саны 377.

Exit mobile version