Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 466. Анын 104ү медиктер

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 466. Анын 104ү медиктер

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн штабдан билдиришти.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, иш учурунда илдетти жуктуруп алган медкызматкерлерге бир жолу төлөнүп берилүүчү кенемте (компенсация) каралууда.

Белгилей кетсек, буга чейин кенемтенин суммасы 200 миң же 1 миллион сом деп пландалып жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>