Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 21 бейтап айыкты

Бир сутка ичинде жалпысынан 21 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

СOVID-19 илдетинен төмөнкү аймактардын тургундары айыгып чыкты.

Бишкек шаарында – 2, Ош шаарында –2,  Ош облусунда – 1, Нарын облусунда –1, Жалал-Абад облусунда –  9  Ысык-Көл облусунда – 4, Баткен облусунда ­– 1 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 416 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Exit mobile version