Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирустан 101 жаштагы бейтап айыкты

2-августта Кыргызстанда коронавирустан эң улгайган бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акматова бейтап 101 жашта экенин айтты.

«Кечээ дагы бир 85 жаштагы бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул үчүн медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Алардын күжүрмөн эмгегинин артынан ушундай жыйынтык болду», — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин коронавирустан сакайгандардын саны 27 миң 927 адамды түздү.

Exit mobile version