Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 19 бейтап. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан онлайн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирустан сакайып чыккан бейтаптар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 8;
Ош облусу — 5;
Жалал-Абад облусу — 4;
Баткен облусу — 2.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 929 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.