Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирустан дагы 11 бейтап көз жумду

Кыргызстанда соңку сутка ичинде коронавирус илдетинен 11 бейтап көз жумганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

3-августка карта айтылган маалыматта, кайтыш болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталган – төрт адам, Жалал-Абад облусунда үч адам, Ош шаарында, Чүй, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам каза болгон.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 420 адамга жетти.

Exit mobile version