Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирустан дагы 4 адам каза болду

Соңку суткада коронавирустан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Илдеттен каза болгондордун төртөө тең Бишкек шаарынын тургундары болгон.
Ошондой эле 157 адамдан илдет аныкталган.

Алар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 60
Ош — 6
Чүй облусу – 27
Ош облусу — 20
Талас облусу — 5
Нарын облусу — 5
Ысык-Көл облусу – 20
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу — 4
Муну менен катар 300 адам илдеттен сакайган.
Пандемия башталгандан бери жалпы 80182 адам илдетке кабылган, анын ичинен 74477 адам сакайган.

Ал эми илдеттен көз жумгандардын саны 1344кө жетти.

Exit mobile version