Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү лабораториясы иштеп баштады

Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү лабораториясы иштеп баштады

Кыргызстанда коронавируска массалык түрдө диганоз коюу лабораториясы иштеп баштады. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырган демилгелүү топ кабарлады.

Саламатык сактоо министрлигинин колдоосу жана ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашырылган бул долбоордун биринчи этабында 10 миң тест система менен ПЦ-ыкмасы аркылуу диганоз коюу иши башталат.

Бонецкий лабораториясынын башкы директору Артем Лыжиндин айтымында, анализ тапшыруу белгиленген тартип менен Саламаттык сактоо министрлигинин жолдомо кагазы аркылуу ишке ашырылат.

“Биз бул долбоордун үстүндө бир ай иштеп, анын алкагында көп иштерди жасадык. Бизге саламаттык сактоо министрлиги абдан чоң колдоо көрсөттү. Келишимдин алкагында бардык талаптарга жооп бере турган атайын жай берилди. Учурда биз коронавирус илдетин аныктоо үчүн 3055 адамдан ПЦР тест алууга даярбыз. Биринчи кезекте биз элдин айрым катмарына көңүл буралы деп жатабыз. Алар медицина кызматкерлери, мүмкүн укук коргоо органдары. Биз саламаттык сактоо министрлигине тандоо укугун беребиз, алардын чечимине ылайык биз акысыз текшерүүнү баштайбыз”, — деп билдирди Лыжин.

Долбоор толук бойдон ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашырылат.

Аталган демилгени биринчилерден болуп «М Булак» микрокредиттик компаниясынын башкы директору Бабур Төлбаев колдоого алган. Ал жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 65 миң доллар, керектүү технологиялык жабдууларды сатып алууга деп 61 миң доллар бөлгөн.

“М Булак” компаниясы долбоордун ишке ашкандыгына карата кошумча реагенттерге деп 35 миң доллар бөлүү чечимин кабыл алды. “М Булак” компаниясы бул долбоорго кошкон салымы 161 миң доллар болот. Мунун баары коронавируска массалык түрдө диагноз коюуда мамлекеттик лабораторияларга жардам болот.

Долбоордун биринчи этабында 24 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 578 миң доллар керектелет. Долбоордун ишке ашуусу үчүн бардык каалоочулардан каражат чогултуларын жарыя кылабыз.

Бардык этаптар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ишке ашырылат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн акча которгон баардык каалочулардын жана  меценаттын тизмеси жарыяланып турат.

Каражатты “Апаке” коомдук фондунун эсебине которсо болот. Келип түшкөн каражатты ар бир жаран онлайн-режиминде көзөмөл кыла алат.

[su_image_carousel source=»media: 26825,26826,26827,26828,26829,26830,26831″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>