Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү лабораториясы иштеп баштайт

Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү лабораториясы иштеп баштайт

Кыргызстанда коронавируска массалык түрдө диганоз коюу лабораториясы иштеп баштайт. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырып жаткан демилгелүү топ кабарлады.

Уюштуруучулардын айтымында долбоор ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашырылат.

Долбоорду ишке ашырууга коронавируска  каршы туруу боюнча түзүлгөн республикалык штаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы катышат.

Долбоордун алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги, “Бонецкий” лабораториясы жана меценаттар болуп коронавирусту жапырт текшерүүнү ыкчам ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Жакынкы күндөрү “Бонецкий” лабораториясында диагноз коюу ыкмасы ишке кирет. Долбоордун келишими боюнча бардык керектүү жабдыктар, материалдар, реагенттер сатып алынып, Кытайдан атайын адисттер чакырылат.

Коронавирусту жапырт текшерүү  долбоорун эки этап менен ишке ашыруу паландалууда.

  • Биринчи этапта 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл.
  • Экинчи этапта 40 миң адамды 100 миң тест менен  текшериш үчүн 1 млн 381 миң АКШ долларын чогултуш керек.

Анализ тапшыруу бегиленген тартип менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомо кагазы аркылуу республика боюнча “Бонецкий” тармактык лобораторияларында жүргүзүлөт. Долбоор ишке киргенден тарта анализди тапшыруу регламенти боюнча  www.intelmed.kg сайты аркылуу маалыматты тактоо керек.

Аталган демилгени биринчилерден болуп «М Булак» микрокредиттик компаниясынын башкы директору Бабур Төлбаев колдоого алган. Ал 84 миң 460 АКШ долларын керектүү жабдууларды сатып алууга, 65 миң АКШ долларын вирусту аныктоочу тесттерди алуу үчүн бөлгөн.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн акча которгон ар бир меценаттын тизмеси толукталып турат. Каражатты “Апаке” коомдук фондунун эсебине которсо болот. Келип түшкөн каражатты ар бир жаран онлайн-режиминде көзөмөл кыла алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>