Ушул жылдын 25-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 665 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, стационарда – 312, алардын ичинен реанимацияда – 6 адам жатат. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Каза тапкандардын саны – 8.