Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну май, июнь айларында болот — видео

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну май, июнь, июль айларында болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин «Парламент сабактары» берүүсүнө маек берип жатып билдирди.

Ал өткөн жылы коронавирустун эки толкуну өткөнүн айтты.

«2020-жылы коронавирустун эки толкунун өткөрдүк. Былтыр Covid-19дун биринчи толкуну июнь-июль айларында болду. Анда Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги дагы даяр болбогондуктан көп жоготууларга учураганбыз. Экинчи толкун октябрь-ноябрь айларына туш келип, ага даярдык көрүп, көп жоготуусуз өткөрдүк. Үчүнчү толкун май, июнь, июль айларында болот. Муну айтып жатканымдын себеби антитела 8 айдан бир жылга чейин сакталат. Былтыр жуктургандардын иммунитети төмөн болуп, алар кайра эле жуктура баштайт. Учурда алдын-ала чараларды көрүп жатабыз», — дейт министр.

Министр айтуусунда, дары-дармектер менен жеке коргонуучу каражаттардын запасын 3-4 айга жеткидей камдалды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Covid-19 90 миң 839 адамдан аныкталды, анын 86 миң 313 бейтап айыгып, 1 миң 534 киши каза болду.

Exit mobile version