Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда Кыйноолордун курмандыктарын колдоо күнүнө карата бир айлык өнөктүк өтөт

Кыргызстанда 26-июнь – Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык өнөктүк өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалымдады.

Бир айлык өнөктүк 2-июндан 27-июнга чейин өткөрүлөт. Анын алкагында өлкөнүн калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) акысыз юридикалык кеңештер уюштурулат. Анда жарандар укуктарынын бузулушу, адилет сотко жетүү жол-жоболору, мамлекеттик органдардын мыйзамсыз мамилесине кабылган учурда укуктарын коргоо боюнча түшүндүрмөлөр жана квалификациялуу укуктук жардам ала алышат.

Мындан тышкары Кыргызстандын бардык аймактарында кыйноолорду жана ырайымсыз мамилелерди алдын алуу, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жарандардын укуктук жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле жарандык коомдун адам укуктарын коргоого активдүү катышуусун камсыз кылуу багыттары боюнча ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул күн БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен белгиленип, кыйноолорго жана ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдык ар-намысты басмырлаган мамилелерге каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн эске салып келет. 1987-жылдын 26-июнунда – Кыйноолорго каршы БУУнун Конвенциясы күчүнө кирген. Кыргызстан бул Конвенцияга 1997-жылы кошулган.

«Бул дата адам укуктарын сактоонун маанисин, жабыркагандарга тилектештик билдирүүнү жана мамлекет тарабынан зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу үчүн жоопкерчиликти баса белгилейт»,- деп билдирди аталган борбор.

 

Exit mobile version