Кыргызстанда салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы түзүлүп, ага спорттун 11 улуттук федерациясы кирмей болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Ассоциациянын президенти жана негиздөөчүсү –Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер, Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын экс-директору Алмазбек Касенов.

22-октябрда Бишкек шаарында Ассоциациянын биринчи жыйыны болуп, анда анын негизги максаттары жана милдеттери жарыяланды:

  • улуттук спорттун, элдик оюндардын жана маданияттын өнүгүшү, тарыхта, заманбап жашоодо жана келечекте улуттук спорттун, элдик оюндардын жана маданияттын ролун жогорулатуу;
  • спорттун улуттук түрлөрү, элдик оюндар жана маданий ассоциациялар федерацияларына, аларды өнүктүрүүнүн, жайылтуунун жана республикалык жана эл аралык аренада ийгиликтүү аткаруунун кызыкчылыгы үчүн аракеттерди бириктирүү жана жардам көрсөтүү;
  • жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн улуттук ассоциациялары, федерациялары жана маданий бирикмелери менен эл аралык спорттук жана маданий байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо;
  • Кыргызстандын калкынын арасында улуттук спорттун түрлөрүн, элдик оюндарды жана маданиятты жайылтуу;
  • Кыргызстанда ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө улуттук спорттун, элдик оюндардын жана маданияттын тарыхын изилдөө, окуу жана чыгармачылык иштерин жүргүзүү;
  • Кыргызстанда улуттук спорт оюндарын, элдик оюндарды жана маданиятты өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган, Өкмөт, министрликтер жана ведомстволор менен кызматташуу.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>