Site icon Reporter.kg

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун кеңсеси ачылат

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча биргелешкен долбоордук кеңсенин ачылышына катышуу үчүн Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен «Өзбекстан темир жолдору» ААКнын өкүлдөрү Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иштин максаты темир жол долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо экени белгиленген.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жана «Өзбекстан темир жолдору» ААК Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык зарыл болгон алдын ала иш-чараларды жүргүзүүдө.

Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version