Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген 16 чет элдик жаран кармалды

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген 16 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Комитет  Ички иштер министрлиги менен биргеликте «Нелегал-2024» операциясын улантууда.

Кармалгандар ар кайсы тармакта иштеп келишкен. Алардын виза мөөнөтү эскирип калган. Мигранттарга гана эмес, аларды чакырган иш берүүчүлөргө дагы жаза колдонулат.

Белгилей кетсек, чет элдик мигранттар жумуш визасы үчүн бир жылга 20 миң сом, соода тармагында иштесе 50 миң сом төлөшөт.

Жылына 20-50 миң сом төлөйт. Эмгек министрлиги өлкөдө канча чет элдик жаран иштерин айтты

 

Exit mobile version