Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда паспорт, айдоочулук күбөлүк электрондук түргө өткөрүлөт

Кыргызстанда ID-карт, айдоочулук күбөлүк жана унаа каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү электрондук түргө өткөрүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору Санариптик өнүгүү министрлиги тарабынан сунушталууда.

Документке ылайык, аталган документтердин электрондук түрүн колдонууну мыйзамдаштыруу каралууда.

Документ кабыл алынып калса, жарандар ID-карт, айдоочулук күбөлүк жана унаа каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү электрондук түрдө телефонунда колдоно алат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version