Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын көтөрүү пландалган жок

Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсияга чыгуу курагын көтөрүү пландалган жок. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле – аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш бойдон калат.

Ошол эле учурда ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча, акыркы 15 жылда адамдын өмүрүнүн узактыгы 4 жылга узарганын белгиледи.

“Эгерде 2002-жылды алсак, Кыргызстанда 80 жаштан ашкан 2500 адам жашаса, азыр алардын саны көбөйүп, 60 миңден ашты”, — деди ал.

Exit mobile version