Site icon Reporter.kg

Бишкекте пияздын баасы 30 сомго кымбаттады. Сатуучулар эмне дейт?

Бүгүн, 30-январда Айыл чарба министрлиги пияз жана сарымсакты ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерге сатууга тыюу салган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин түшүндүрмөсүндө бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу максатында иштелип чыкканы көрсөтүлгөн.

Эгерде документке коюлса, ушул жылдын 4-майына чейин пияз менен сарымсакты чет жакка (ЕАЭБден тышкары) чыгарууга тыюу салынат.

Reporter.kg Бишкек шаарындагы «Ош» базарына барып, пияздын баасын билип, сатуучулар менен баарлашып келди.

Сатуучулардын айтымында, учурда пияздын баасы кымбаттап, 1 килограммы 60-65 сомго чыкты. Ошол эле учурда баа 100 сом чейин жетиши же андан кымбат болушу мүмкүн деп айтылууда.

Алар былтыр жыл аягында пияздын баасы 25-35 сомдон сатылып жатканын, бирок жаңы жылдан кийин пияздын наркы 5-10 сомго кымбаттап отуруп, бүгүнкү күндө 60-65 сомго чейин жеткенин айтышты.

Пияздын кымбаттай турганын сатуучулар дүңүнөн саткандардан угуп жатканын айтышат. Ошол эле учурда «пияз кымбаттайт» деп алдын ала камдап сатып алгандар жок экенин белгилешти. Сатуучулардын айтымында, учурда алар пиязды дүңүнөн 48-53 сомдон сатып алышууда.

Сатуучу Кундуз Солпуева билдиргендей, пиязды дүңүнөн саткандардын айтымында, пияздын кымбатташы анын чет жакка чыгарылып кетип жатканы менен байланыштуу. Мындан улам  пияз аз болуп, дүңүнөн саткандар өздөрү сатуу үчүн пияз таба албай жатышат.

 «Пиязды кымбаттайт деп угуп жатабыз. Баа 100 сомго чейин чыгат деп айтылып жатат. Учурда дүңүнөн саткандар пияз сыртка ташылып жаткандыктан, анын аз экенин, таппай жатканын айтып жатышат. Сыртка ташылып кеткенде эле пияздын баасы көтөрүлбөсө, кымбаттабайт деле», — дейт ал.

Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга койгон документте: “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда пияздын баасы бир топ жогорулагандыгына байланыштуу Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди (документте буудайдын жана күн караманын үрөнүн экспорттоого бир айлык чектөө — ред.). Бул өнүм социалдык мааниге ээ жана бул чийки заттын жетишсиздиги өлкөдө азык-түлүк кризисине алып келиши мүмкүн”, — деп айтылат.

Буга чейин пиязды экспорттоого убактылуу чектөөлөр Казакстан менен Өзбекстанда да киргизилген.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда,  Кыргызстан 2021-жылы Евразия экономикалык биримдигине кирбеген жети өлкөгө пиязды, ошондой эле сарымсакты экспорттогон. Алардын арасында Монголия, Өзбекстан, Украина, Иран, БАЭ, Молдова жана Ирак бар.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан пияз менен сарымсакты ЕАЭБге кирбеген үч өлкөгө гана экспорттогон. Алсак, былтыр 11 айда Монголияга 36,5 тонна (5,2 миң доллар), Өзбекстанга 587,6 тонна (46,9 миң доллар) пияз сатылган. Ошондой эле, Монголияга 76,2 миң долларга 48,6 тонна сарымсак сатылса, Бириккен Араб Эмираттарына 4,7 миң долларга 9,4 тонна сарымсак экспорттолгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version