Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда расмий түрдө 385 жаңы кесип пайда болот

Кесиптердин классификаторуна дагы 385 түрү кошулат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев «Компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: эмгек рыногунун мейкиндиктери» форумунда билдирди.

Мекеменин маалыматында, реестрде учурда 3 миң кесип бар.

Классификатор — өлкөдөгү бардык адистиктер жана кесиптер жөнүндө структураланган маалыматтык база. Эмгек шарттарын, кызматкерлердин квалификациясын, алардын маянасы, жумуш процессинин жана башка компоненттерин камтыйт.

Форумга мамлекеттик органдардын, соода-өнөр жай палатасынын, көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун, окуу жайлардын, жумуш берүүчүлөрдүн тармактык ассоциацияларынын жетекчилери жана кызматкерлери чогулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version