Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны өстү

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйдү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 11-декабрдан 17-декабрга чейин КРВИ жана сасык тумоо менен 11 миң 575 учур катталды.

Бул өткөн аптага салыштырмалуу 43,4%га өскөн. Өткөн жылга салыштырмалуу (2022-жылдын 50-жумасы – 39 миң 568 учур) 4 эсеге азайган.

Акыркы суткада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда СOVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды.

Exit mobile version