Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда шарап өндүрүү өстү

Red wine and grapes in a barrel

Быйыл январь-февраль айларында жүзүмдөн шарап өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 279,6%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Акчалай алганда, 2023-жылдын январь-февраль айларында жүзүмдөн шарап өндүрүүнүн көлөмү 23 миллион 650,5 миң сомду түздү.

2022-жылдын ушул эле мезгилинде иш жүзүндө учурдагы баада 13 миллион 323 миң сомдук өнүм өндүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version