Кыргызстанда соңку суткада 5 адам коронавирустан көз жумду

Кыргызстанда соңку суткада 5 адам коронавирустан көз жумду

Соңку суткада Кыргызстанда 5 адам коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, каза болгон адамдардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Баткен облусунун, бирөө Талас облусунун тургуну болгон.  

Ошондой эле бир күндө 436 кыргызстандыктан коронавирус илдети табылган.

“Бишкек шаарында 112 адамдан, Ош шаарында 32, Чүй облусунда 18, Ош облусунда 27, Талас облусунда 15, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 41, Жалал-Абад облусунда 108, Баткен облусунда 80 кишиден илдет табылды”, — деп айтылат маалыматта.

Соңку суткада ошондой эле 332 адам коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыккан.   

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 59 879 адамга жетти, анын ичинен 50 741 адам илдеттен сакайды. 

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 1155 адам коронавирустан каза тапты. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>