Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан 4 адам каза болду

Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан 4 адам каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада төрт жаран коронавирустан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйынында билдирди.

Абдыкеримов белгилегендей, каза болгон адамдар төмөнкү аймактарда катталган:

Бишкек шаарында –1;
Ош облусунда -1;
Баткен облусунда –2.

8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус 245 адамдан табылып, бул илдетке кабылгандардын жалпы саны 48 миң 342ге жетти. Алардын ичинен 43 миң 957 адам айыгып чыкса, 1 миң 73 адам илдеттен улам каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>