Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы пайда болду

Министрлер кабинети жаңы кесиптик майрамды — Суу чарба кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Документ «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 14-июлда кол койгон. Ага ылайык, аталган кесиптик майрам жыл сайын сентябрдын биринчи ишембисинде белгиленет.

Кесиптик майрамды белгилөө чечими суу чарба кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын расмий таануу, ошондой эле аларды сыйлоо жана кесиптик ишине андар ары дем берүү үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

 

Exit mobile version