Кыргызстанда төрт киши коронавирустан каза тапты

Кыргызстанда төрт киши коронавирустан каза тапты

Акыркы суткада COVID — 19 илдетинен төрт адам каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алардын экөө Баткен облусунун тургундары болсо, калган экөө Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундары.

Расмий маалыматтар боюнча COVID — 19 жана жугуштуу пневмониядан бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 1 миң 77 киши каза тапты. Мындан тышкары, бир суткада илдет дагы 275 кишиден табылды. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү Баткен облусунда жашайт.

Ал эми бир суткада илдеттен 140 киши айыгып чыкты. Жалпысынан бүгүнкү күндө 44 миң 97 киши аталган оорудан сакайды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>