Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда тамак-аш азыктары көбүрөөк чыгарыла баштады

Ушул жылдын январь айында Кыргызстанда тамак-аш, суусундуктар жана тамеки буюмдарын өндүрүү өстү. Өсүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,7%ды түздү. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Тамак-аш жана тамеки продукцияларынын жалпы көлөмү 4 миллиард 258,4 миллион сомду түздү.

Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү эт азыктарын (13,6 пайызга), дистилденген алкоголдук ичимдиктерди (43,1 пайызга), ошондой эле нан азыктарын жана кондитердик азыктарды (12,2 пайызга) чыгаруунун көбөйүшү менен шартталган», — деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version