Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда тигүү тармагынан түшкөн салыктар жыл ичинде 1,5 эсеге өстү

Кыргызстанда тигүү тармагынан салыктык түшүүлөр туруктуу өсүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылы тармактан 169 миллион сом которулса, 2024-жылы бул сумма 1,5 эсеге көбөйүп, 255,2 миллион сомго жеткен.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылы киреше болгону 58,5 миллион сомду түзгөн.

2025-жылдын төрт айында бул тармактан бюджетке 106,5 миллион сом түшкөн. Тармак жигердүү өнүгүп, жумуш орундарын түзүп, экономикага олуттуу салым кошууда, анын ичинде мамлекеттик колдоонун жана салыктык преференциялардын аркасында.

Exit mobile version