Кыргызстанда той-аш жана куран окуутуларды өткөрүүгө тыюу салынат

Кыргызстанда той-аш жана куран окуутуларды өткөрүүгө тыюу салынат

Кыргызстандагы ресторандарда той-аштарды жана куран окуутуларды өткөрүүгө үч жумага тыюу салынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-марттагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, республикалык штаб коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында ушундай чечим кабыл алган.

Ушул эле чечимдин негизинде 50дөн ашык адам бата турган кафелер дагы ишин токтотушат. Эгер кабыл алынган чечимди аткарбагандар жоопко тартылат.

Өмүрбекова кошумчалагандай, азыркы тапта Кыргызстанда коронавирус жуктурган учур катталган жок. 14 күндүк обсервацияда 321 киши жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>