Учурда Кыргызстанда 199 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, анын ичинен 34 миңи балдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ведомство белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө оорулуу балдардын саны өсүүдө – жыл сайын жашы жете элек майып жарандар катталууда.
Майыптуулуктун эң көп өсүшү өнүгүүнүн тубаса аномалиялары – 32,8%, нерв системасынын оорулары – 20,3% жана психикалык бузулуулар – 15,3% сыяктуу патологиялар боюнча байкалган.