Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда унаа чыгарган завод ачылат

Кыргыз-өзбек унаа заводун быйыл ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча өткөн жылдан бери иштер жүрүп жатат.

«Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөлүгүндө, ал эми Өзбекстан мүчө болбогондуктан, салык жана бажы төлөмдөрүнө байланыштуу көйгөйлөр жаралып келген. Бирок, биз бул маселени чече алдык. Бүгүнкү күндө техникалык жактан бардык документтер даярдалды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында пландалган жыйынтыктоочу документке кол коюуну күтүп жатабыз. Андан соң ишкана түзүлүп, бир жылдын ичинде өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен унаа чыгаруучу ишкана ачууну пландап жатканы маалымдалган. Ага ылайык, Чүй облусунун аймагында автоунаа чыгаруучу завод курулат. Анда 19 түрдөгү автоунаа чыгаруу каралууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын «Нур» жана «ДТ Техник» ишканалары, ошондой эле «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы унаа чыгарышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version