Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда уран менен торий казуу пландалууда

Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Ал белгилегендей, эки жыл мурун өлкөдө уран менен торийди казууга тыюу салынган.

“Эгер жаңы кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт. Уран менен торийди казууда коопсуздук маселесин көзөмөлдөй турган регламент болот”, — дейт Айталиев.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануу маселелери тууралуу” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Мыйзамдын жаңы долбоору радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берет.

Айта кетсек, Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыгып, бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Мындан улам 2019-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Exit mobile version