Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда виртуалдык активдер менен алектенген 10 ишкананын лицензиясы алынды

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы виртуалдык активдерди алмаштыруу кызматтарын көрсөткөн 10 ишкананын лицензиясы кайтарылып алынганын билдирди.

Бул чечим виртуалдык активдерди айлантуу боюнча мыйзам талаптары бузулганына байланыштуу кабыл алынган. Анда төмөнкү ишканалар лицензиясынан ажыраган:

Мекеме мындай кызмат көрсөткөн ишканаларды мыйзам талаптарын так сактоого, отчётту өз убагында тапшырууга жана жүргүзүлгөн операциялар боюнча так маалымат берүүгө милдеттүү экенин эскертти.

Ошондой эле кардарлардын укугун коргоо жана финансы секторунда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында көзөмөл иштерин улантарын кошумчалады.

Exit mobile version