Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштады

Мамкаттоо кызматы тарабынан жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштаганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык жаңы күбөлүктүн баасы 732 сомду түзүп, ал 10 жылдык мөөнөткө берилет.

Жаңы айдоочулук күбөлүк мурдагыдан сапаты, баасы жана жасалгасы менен айырмаланып турат.  Бланк жалпысынан 20 коргоочу элементке ээ.

Кимде-ким июнь айынан бери берилип жаткан убактылуу күбөлүктү алган болсо, жаңы күбөлүккө милдеттүү түрдө алалмаштырып алуусу керек.

Exit mobile version