Кыргызгидромет борбору 26-августтан 1-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
Чүй облусунда
26-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде күн күркүрөшү күтүлөт.
27-28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
29-30-31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Бишкек шаарында
26-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 27-31-августта жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Талас облусунда
26-27-28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
29-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-31-августта жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош облусунда
26-27- 28-29-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
30-31-августта жана 1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жалал-Абад облусунда
26-27-28-августа түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
29-30-31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Баткен облусунда
Бир жума аралыгында облуста түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ысык-Көл облусунда
26-27-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-августа күндүз жана 28-августта жаан-чачын күтүлбөйт. 29-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
30-31-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Нарын облусунда
26-августа айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-29-августта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
30-31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда