Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз, — президент

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүк жоюдарын “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөр көп.

«Мен бийлик башына келген убакта 111 миң үй-бүлө жакыр жашайт эле. Мамлекеттен жөлөкпул жардам берилип турган экен. Азыр алардын саны кыскарып, 81 миң үй-бүлө калды. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан 5-10 жылда баарын жоёбуз деген планыбыз бар. Былтыр 10 миң үй-бүлөгө жүз миң сомдон жардам берилсе, быйыл 2024-жылдын аягына чейин 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам беребиз. Ушинтип жылда улантып жүрүп олтуруп, Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз», — деди Садыр Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version