Кыргызстанда жалпы 156 миңден ашык бала 1-класска барат

Кыргызстанда жалпы 156 миңден ашык бала 1-класска барат

Быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 156 миңден ашык бала 1-класска барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Бишкек шаарында 22981 бала;
Ош шаарында 11069 бала;
Ош облусунда 22210 бала;
Нарында 13982 бала;
Ысык-Көлдө 15182 бала;
Жалал-Абадда 25257 бала;
Баткенде 11443 бала;
Чүйдө 23600 бала;
Талас облусунда 10540 бала 1-класска барат.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, 1-класстан 11-класска чейинки жалпы окуучулардын саны быйылкы жылы 1 миллион 300 миңге жакын. Өлкө боюнча мектептердин саны 2 265ге жеткен.

1-сентябрь дем алыш күнгө туш келгендиктен мектептерде “Билим күнү” майрамы бүгүн 2-сентябрда белгиленип жатат. 3-сентябрдан баштап сабактар башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>