Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жаңы майрам пайда болду. Адвокаттар күнү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адвокаттарды (жактоочуларды) кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

Жапаров Кыргызстанда адвокат кесибине 97 жыл толгонун айтты.

«Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз адвокатурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.

Дал ушул Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин РСФСРдин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун 1925-жылдын 1-мартындагы № 45 токтому менен 3 адамдан турган биринчи жактоочулар коллегиясы түзүлгөн.

Азыркы мезгилде адвокаттардан жарандардын арасында укуктук туура аң-сезимди калыптандыруу үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүнү, инсандык сапаттарын өстүрүүнү, юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууну гана эмес, ошондой эле жеке кайраттуулукту да талап кылат. Адвокат болуу ар бир адамдын колунан келе бербеген чоң сыймык жана жоопкерчилик», — экенин белгиледи.

Акылбек Жапаров кечээ, 28-февралда адвокаттардын статусун жогорулатуу максатында «Адвокаттар» (жактоочулар) күнүн кесиптик майрам катары жыл сайын 1-мартта белгилөө жөнүндө токтомуна кол койгонун билдирди.

Exit mobile version