Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жаңы “медициналык хаб” түзүлөөрү пландалууда

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын базасында оорукана түзүү пландалууда. Бул туурасында аталган окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова президент Садыр Жапаровдун кеңешмесинде билдирди.

Анын айтуусунда, оорукана илим, билим жана клиникалык практикага, ошондой эле финансылык ресурстарды рационалдуу пайдаланууга негизделген көп компоненттүү инновацияны киргизүү аркылуу инновациялык “медициналык хаб” болот.

Exit mobile version