Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандагы бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Биринчи сабак 1-4-класстарга «Билим – бул күч» темасында, 5-11-класстын окуучуларына «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» темасында өтүлүүдө.

Өлкө боюнча 2 миң 173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

2024-жылы 431 мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду.

Белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталды.

Exit mobile version