Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын шайлоодо добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын шайлоодо добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлаганын «Азаттык» жазды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт.

Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын.

16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>