Кыргызстанда чыгарылган электр трансформаторлору дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө сатылууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылдын алгачкы төрт айында республика жалпысы 4 450 трансформатор экспорттогон.
Негизги кардарлар — ЕАЭБ өлкөлөрү, алардын ичинен өзгөчө Россия чоң үлүштү түзөт:
— Россия – 4054 даана
— Казакстан – 213
— БАЭ – 60
— Өзбекстан – 50
— Гонконг – 33
— Исландия – 32
— Түркия – 6
— Польша – 1
— Беларусь – 1
Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн техниканын сапаты жогорулап жатканын жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр кеңейип жатканын көрсөтөт. Трансформаторлор Исландия сыяктуу алыскы өлкөлөргө да сатылып жатканы — жергиликтүү өндүрүш үчүн чоң жетишкендик.